Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/5
Кадамжай шаарында Муниципиалдык аймактык башкармалыгын түзүү жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши, Кадамжай шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципиалдык аймактык башкармалыкты түзүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү бюджеттен штаттык бирдигине жана муниципиалдык ишкананын кызматкерлерине кеткен чыгымдарын карап чыгып КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарында жергиликтүү аймактык башкарманы түзүү шаардын аймагына жана калктын санына жараша максатка ылайыксыз деп табылсын.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын штаттык сан эсебин түзүүнүн милдеттерин так аткарышып көзөмөлдөө вице-мэр Ч.Тагаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джаликов
|