Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/14
Кадамжай шаарындагы үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүү жөнүндөгү «Жобону» бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаарындагы үйлөнүү-үлпөт тойлорун өткөрүү жөнүндөгү «Жобону» карап чыгып, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы үйлөнүү-үлпөт тойлорун өткөрүү жөнүндөгү «Жобо» бекитилсин.
2. «Жобонун» аткарылышын Аксакалдар сотуна, Аялдар Кеңешине жана Кадамжай шаарынын мэриясынын социалдык адистерине милдеттендирилсин.
3. «Жобонун» аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|