Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/15
Таш-Кыя участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаарынын Таш-Кыя участкасынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы борбордук меситтен Нургазиев атындагы каналдын тюнелине чейин жолду ондоо үчүн 200 миң (эки жүз миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Борбордук мечиттен жайканага чейин жарды оңдоого 250 миң (эки жүз элүү миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
3. Нургазиев атындагы каналынын Таш-Кыя участкасынан өткөн жерин элдерге кооптуу болгон жерлериндеги жан капталынын боюн көтөрүп тосууга 300 миң (үч жүз миң) сом ажыратылсын.
4. Жолду оңдоого, жарды оңдоого жана М.Нургазиев каналын Таш-Кыя участкасын откон жерлерин боюн тосууга түзүлүүчү сметасын Кадамжай шаардык мэриясынын капиталдык курулуш боюнча бөлүм башчысы А.Билаловко жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|