Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/18
Кадамжай шаарынын турмуш тиричилик калдыктарын тогуучу Анкур-Сай участкасындагы жайды ондоп тузоо жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши шаардагы турмуш-тиричилик таштандыларын таштоочу Анкур-Сай участкасындагы жайдын абалы жонундогу маселени карап чыгып жана КПЭЖКХ ишканасынын жетекчиси Р.Момуновдун билдируусун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 беренесинин 2 бөлүмүнө ылайык Кадамжай шаарында турмуш-тиричилик калдыктарын тогүүчү жайды тазалыгын жана мыйзамга ылайыктуу иштетуу жагын Кадамжай «Тазалык», Кадамжай Коммуналщик жана КПЭЖКХ ишканаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.
2. Анкур-Сай таштандыларды алып чыгуучу жайды жана жайытка кетчу жолду ондоо иштери Р.Момуновко, З.Ходжобаевке, С.Саитмуратовко жана Э.Зайляповко милдеттендирилсин.
3. Таштанды таштоочу жайды ондоп тузоо иштеринин чыгымдарынын сметасы такталсын жана аны аткаруу мэриянын КЭБнун башчысы М.Жумаматовко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|