Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-сентябры № 146
2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууга кошумча кепилдиктер жөнүндө
Көптөгөн жарандардын, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кайрылууларына байланыштуу, шайлоого даярдыктардын жүрүшүндө келип чыккан уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо, инновациялык технологияны ишке киргизүү менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча, жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу, ошондой эле шайлоочулар жана шайлоолорду уюштуруучулар үчүн кошумча кепилдиктерди жана шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2, 52-беренелерин жетекчиликке алуу менен, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайды шайлоо бюллетендерин толтуруу үчүн кабиналар жарым-жартылай ачык болуп, добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылган жана ошол эле мезгилде шайлоочунун шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн көз алдында болушун камсыз кылган жана сүрөткө тартып алуу үчүн телефондорду, видеокалемдерди жана башка сүрөткө тартуучу техникалык каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргандай кылып жабдысын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочу бармак тагын идентификациялоодон өтпөй калган учурунда, ошондой эле идентификациялоо системасынын техникалык бузулуу учурунда, шайлоочу тууралуу электрондук жана кагаз бетиндеги шайлоочулар тизмесинде маалыматтар бар болсо, участкалык шайлоо комиссиялары идентификациялоону жеке маалыматтары (ПИН-номер) фото-сүрөтү боюнча жүргүзүшү максатка ылайык. Анын үстүнө, жарандардын идентификациясын ишке ашыруучу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана оператор кол койгон акт түзүлөт.
3. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоочулардын жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарга өтүшүн жана шайлоо бюллетендерин автоматтык эсептөөчү урнага өткөрүшүн көзөмөлдөөсүн ишке ашырсын. Анын үстүнө, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүү имаратынан шайлоо бюллетенин алып чыгаруу учурларына жол бербөөгө жана жокко чыгарууга милдеттүү. Бул максаттар үчүн белгиленген көзөмөлдү ишке ашыруучу участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү экиден кем болбошу керек.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты, территориалдык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын саны көп болгон шайлоо участкаларында участкалык шайлоо комиссияларынын курамын көбөйтүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдесин жана керектүү чараларды көрсүн.
4. Участкалык шайлоо комиссиялары 2015-жылдын 29-сентябрынан кийин шайлоочуларга алардын шайлоочулар тизмесинде болгондугу тууралуу кабарлоолорду кайрадан жөнөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы аймактык шайлоо комиссияларынын жардамы менен шайлоочуларды алардын шайлоо участкасынын дареги жана номери тууралуу маалымдоо жана шайлоочулар тизмеси менен байланышкан суроолорду түшүндүрүү максатында ар бир жакын шайлоо участкаларында сурап-билүү пункттарын уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы идентификациялоону өткөрүү үчүн инновациялык технологияларды тестирлөө мөөнөтүндө колдонулган түстөн айырмаланган өңдөгү чектерди даярдоону камсыз кылсын.
7. Аймактык шайлоо комиссияларына участкалык шайлоо комиссияларында керек болгон учурда Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү жана даярдоо үчүн арналган аянттарды чоңойтуу үчүн чатырларды пайдаланууга уруксат берилсин.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызматтык жактары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү жана даярдоо мезгилине участкалык шайлоо комиссияларын керектүү сандагы чатырлар жана башка жабдыктар менен камсыз кылуу маселесин чечсин.
8. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жана алардын кызмат адамдары бул токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылсын, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрсүн жана участкалык шайлоо комиссиянын иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзсүн.
9. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|