Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 25-сентябры №51
Депутаттардын Арал айылдык Кенеши Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын 2013-жылдын 15-августундагы №05/2603 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылдык аймактык округунда жайгашкан соода түйүндөрүнөн алынуучу I,II,III - группадагы салык түрлөрү салык кодексинин негизинде алынсын.
2. Салык кодексинин 327-статьясынын II-пунктунун негизинде бекитилген жана иштеп жаткан зоналдык салык коэффициенттин (соода түйүндөрү боюнча) 1% тан жогору көтөрүү маселеси депутаттардын добуш берүүсү аркылуу колдоо таппагандыгы белгиленсин.
3. Зоналдык коэффициенти көтөрүү үчүн кандай закондуу негиз бар экендигин сурап-билип талдоо жана Депутаттардын чечимин райондук салык кызматына белдирүү аткаруу бийлигинин башчысы Абдылдаев Нуркалый Касымовичке тапшырылсын.
Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин төрагасы: |
К.М.Туткучов |