Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 25-сентябры №52
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айылдык Кенешке түшкөн айыл тургундарынын арыздарын карап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Т.Мырзабековдун арызы канаатандырылбасын.
2. Т.Мырзабековдун 0,60 га сугат жери сугат жердин эсебинде калтырылсын.
3. Ш.Рысалиев көчөсүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде таза суунун башкы куйулмасынан баштап текшеруу, үйүнө суу киргизгендердин тизмесин тактоо, сууну сыртка чыгырып, участок сугаргандарга, булганыч суу топтогон септиктерди туура эмес жерлерге курган айылтургундарына эскертуу беруу жагы аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
4. Таза сууну сыртка чыгаргандарга, таза сууну максатсыз пайдалангандарга, таза суу менен участок сугаргандарга, булганган суу топтоочу септиктерди туура эмес жерге кургандарга, таза сууну пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан берилген эскертүүлөрдү аткаруудан баш тарткан айыл тургундарына 2000 сом өлчөмүндө айыл салынсын.
5. Токтомдун аткарылышы аткаруу бийлигине жүктөлсүн
Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин төрагасы: |
К.М. Туткучов |