Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 28-ноябры №58
«Туура жолдорго кум шагыл төгүү жөнүндө»
Талас Коппер Гольд компаниясы тарабынан туура жолдорго кум шагыл төгүүгө бөлүнгөн 118 миң сом акча каражаты жөнүндөгү Депутаттардын ой-пикерлерин сунуштарын угуп жана талкуулап, Кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөлүнгөн акча каражаты айыл ичиндеги туура көчөлөргө, Чыныке бий көчөсүнүн чыгыш тарабына, Калкберди көчөсүнө, Сейдакматов көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Б.Сейдакматовдун үйүнөн жана Кожокеев Акматбектин үйүнөн түндүктү көздөй кеткен туура көчөлөргө, Р.Кулманов көчөсүнө (мектеп тарабына), Райымбек көчөсүнө, Э.Темиралиевдин үйүнөн түндүктү көздөй кеткен туура көчөлөргө кум шагыл төгүүгө жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Арал айыл өкмөтүнүн алдында атайын комиссия түзүлсүн жана аткарылышы түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
К.Туткучов |