Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 28-ноябры №59
Жаматтык жыйындардын токтомдорун бекитүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн аймагында өтүлгөн жамаатык жыйындардын токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында ашыра ысырапкерчиликке жол бербөө максатында курамы мечиттин имамынан, милициянын учаскалык инспекторунан, айыл өкмөт башчысынан, айылдагы уурулардын аттуу баштууларынан жана Айылдык Кеңештин депутаттарынан турган комиссия түзүлсүн. Түзүлгөн комиссияга майыт чыккан жерлерге, чоң тойлорду өткөрүүгө камынган айыл тургандарына барып, ашыра ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
2. Айылдагы соода түйүндөрүндө кыш мезгилинде кечке саат 19-00дон баштап, жай мезгилинде кечке саат 21-00 дон баштап, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын. Ошондой эле соода түйүндөрүндө мектеп жашындагы балдарга спирт ичимдиктерин жана тамеки насывай сатууга катуу тыюу салынсын.
3. Айылды жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында соода түйүндөрүндөгү санитардык абалды көзөмөлгө алуу үчүн райондук тиешелүү мекеме уюмдардан өкүлдөр чакыртылып, атайын комиссия түзүлүп, текшерилип, жыйынтык чыгаруу жагы белгиленсин.
4. Айылда түн ичинде тартипке көзөмөл жүргүзүү үчүн участкалык милициянын кызматкеринин транспорт чыгымдарын айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен бөлүп берүү жагы бюджет боюнча тармактык туруктуу комиссиясынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысынан суралсын
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
К.Туткучов |