Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 28-ноябры №60
Арыздарды кароо
Айылдык Кеңешке келип түшкөн арыздарды карап жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жаныбай Досалиев» жамаатынын тургундарынын арызы көпүрө куруу үчүн смета түзүп келгенден кийин каралсын.
2. Андаш каналынын күндөлүк ремонт иштерине өздүк эсептен 50 миң сом акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Кожомуратовдун арызы да ремонт иштеринин сметасын түзүп келгенден кийин каралсын.
3. Сметасын түзүү жана каналдын жалпы абалын баалоо боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
К.Туткучов |