Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-февралы №66
Талды булак алтын кени боюнча маселелердин кароо жөнүндө.
Айылдык Кеңештин «Талас Коппер Гольд» компаниясы менен элдин ортосундагы мамилелерди иш-аракеттерди тескөө, транспорт, коммуникация, кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн алтын кени боюнча маселелерди Айылдык Кеңештин депутаттары менен бирдикте кароо жөнүндөгү ой-пикер сунуштарын карап жана талкуулап чыгып, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Булак алтын кени боюнча маселе Айылдык Кеңештин сессиясында депутаттар менен бирдикте каралсын.
2. Айылдык Кеңештин «Талас Коппер Гольд» компаниясы менен элдин ортосундагы мамилелерди иш-аракеттерди тескөө, транспорт, коммуникация, кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы деп аталсын.
3. Тармактык туруктуу комиссиясларынын төрагаларына 2014-жылга иш-план түзүп келүү жагы милдеттендирилсин.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин торагасы: |
А.Ж.Медетов |