Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айыл кенешинин 11- сессиясынын 26- чакырылышынын көчүрмөсү
2014- жылы 18-январы № 45
“Айыл аймагындагы “Иегова Күбөлөрүнүн” диний агымы жөнүндө”
Айыл аймагынын башчысы Чакибаев Эмиль Акжолтоевичти угуп, талкуулап, айыл кенешинин депутаттары,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк- Жар айылында, айыл жашоочуларынын арасындагы журт аралык каршылаштыкты өрчүтпөөнү алдын алуу максатында, 2008- жылкы 31- декабрдагы 282 саналындагы “Кыргыз Республикасындагы диний жагындагы дин тутунуучулук жана уюштуруу эркиндиги” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде, “Иегова Күбөлөрүнүн” уюмунун диний ишмердигине тыюу салынсын.
2. Көк-Жар айылындагы мусулмандар көрүстөнүнө “Иегова Күбөлөрүнүн” диний уюмунун мүчөлөрүн коюууга тыюу салынсын.
3. Учурдагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, айыл кенешинин төрагасына жана калкты коргоо- маданият маселеси боюнча түзүлгөн курма тобуна тапшырылсын.
Айыл кенешинин төрагасы: | М.Аманкожоев |