Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 11-марты №01-01/79
Муниципалдык менчикте турган жер
участокторуна менчик же ижара
шарттары жөнүндө типтүү Жобону
бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобону» карап, талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобосунун 12-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы а) бөлүк менен толукталсын.
«а) жер участокторунун профилин жана шаардын генпланын өзгөртүү шаардык Кеңештин сессиясынын чечими менен өзгөртүүгө жол берилет».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобонун талаптарын мыйзам чегинде аткарууну Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментти жана шаардык мэриянын алдындагы «Жерге укук берүү» комиссиясы жетекчиликке алышсын.
3. Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментти жана шаардык мэриянын алдындагы «Жерге укук берүү» комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобонун талаптарын мыйзам чегинде аткаруусун көзөмөлдөөнү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: | Б.Артыков |