Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 177
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын натыйжалары жөнүндө протоколго ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп төмөнкүлөр табылсын жана катталсын:
- (КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Масабиров Талайбек Айтмаматович - "Кыргызстан" саясий партиясынан.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр жана төш белгилер берилсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |