Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 11-марты №01-01/83
«Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин
Регламентине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын № 01-01/18 токтому менен бекитилген, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын төрайымы А.Нуркамилованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын төрайымы А.Нуркамилованын билдирүүсү эске алынсын.
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын № 01-01/18 токтому менен бекитилген, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1-глава
1.2-пункту төмөндөгү мазмундагы сөздөр менен толукталсын «Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин тегерек мөөрү, төрт бурчтуу штампы, жалпы бөлүм үчүн тегерек мөөрү жана кириш, чыгыш каттарды белгилөөчү штампы, банктык мекемелерде эсептик счету бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак»
1.2-пунктундагы төмөндөгү сөздөр алынып салынсын «Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттары июль айынын биринчи жумуш күнүнөн баштап, сентябрь айынын биринчи жумуш күнүнө чейин депутаттык каникул жарыялайт. Сессиянын чечими менен каникул жокко чыгарылышы мүмкүн»
2-главанын 2.1пункту төмөндөгүдөй мазмундагы 21-22-23-24-25-26-пунктчалар менен толукталсын
21) «мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү»;
22) «шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул алардын ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет».
23) «Кочкор-Ата шаарынын көчөлөрүнө ат коюу жана өзгөртүп алмаштырууга жана Кочкор-
Ата шаарында 30 жылдан ашуун эмгектенип жашаган кадыр-баркка ээ болгон, шаардын
социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы бар, татыктуу шаар
тургундарына «Ардактуу атуул» намын ыйгаруу».
24) «Шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын кызматкерлерин, активисттерин коомдук пайдалуу иштерди, кайрымдуулук иш аракеттерин аткарууда жана активдүү катышууда, укук бузуулар менен күрөшүүдө жана башка пайдалуу кызматтарды көрсөтүүдө материалдык жана моралдык таламдарын жогорулатуу максатында (мекме-ишканалардын, квартал, көчө, аялдар комитеттеринин жалпы чогулушунун протоколунун негизинде) «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоого укуктуу».
25) «Кочкор-Ата шаарынын символикаларын кабыл алат».
26) «Шаардык Кеңештин карамагына таандык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, кеңеш тарабынан иштелип чыккан Жоболорду бекитүү».
3-главасы «төраганын орун басары» деген сөздөр «төраганын орун басарлары» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-главанын 3.3 пунктунун 12-абзацы төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
- шаардык кеңештин төрагасы, шаардык Кеңештин депутаттарын жана шаардык Кеңештин аппарат кызматкерлерин кызматтык иш сапарына жөнөтүү буйруктарын чыгарат жана ага кол коёт. Шаардык Кеңештин сыйлыктарына, «Ардак грамоталарына» кол коёт. Маселени алдын ала кароо, даярдоо боюнча убактылуу комиссияларды же жумушчу топту түзүү боюнча жана башка өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана кол коёт;
3-главанын 3.3 пунктунун акыркы абзацы төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын.
- шаардык Кеңештин жана анын органдарынын, депутаттардын жана аппарат кызматкелеринин аброюн жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт.
3-главанын 3.6. пунктары төмөндөгүдөй мазмундагы 12-13-пунктчалар менен толукталсын:
12). Шаардык Кеңештин сессияларына дайыма катышууга жана шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууга;
13). Өзү шайланган туруктуу комиссиянын отурумдарына катышууга;
5-главанын 5.2 пунктунун төртүнчү абзацы төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын
«Бюджет, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясынын курамына, азчылык фракциясынын же азчылык коалициясынын же азчылык
фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча 50пайызы кирет. Бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп, азчылык фракциясынан же азчылык фракциялар коалициясынан талкуусуз, азчылык фракциялардын ортосундагы макулдашуу боюнча өкүл шайланат. Комиссиянын төрагасынын орун басары көпчүлүк коалициясынын өкүлү шайланат»;
5-главанын 5.2 пунктунун жетинчи абзацы төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын
Комиссиянын төрагалары төмөндөгүлөргө укуктуу:
- комиссиянын дарегине түшкөн иш кагаздары менен комиссиянын мүчөлөрүн кабардар кылат.
- комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте, туруктуу комиссиянын иш-планын жана күн тартибин бекитүү.
- комиссиянын чечими менен комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет.
- комиссиянын ишмердүүлүгүнө таандык иш кагаздары жана материалдары менен комиссиянын мүчөлөрүн тааныштырат.
- убактылуу комиссиянын жана жумушчу топтун курамына комиссиянын мүчөлөрүн сунуш кылат.
- Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары менен дайыма байланышта болот. Отурумда каралган маселелер боюнча жана комиссиянын сунушун, чечимин көрүлгөн иш-чара боюнча маалымат берет.
- жылдын акырында шаардык Кеңештин сессиясында жазуу түрүндө отчёт берет.
10-главанын 10.2 пунктундагы «жана шаардын мэрии укуктуу» деген сөздөр алынып
салынсын.
11-главанын 11.1 пунктунун акыркы абзацына төмөндөгү сөздөр кошулуп жазылсын. «Шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү
караган токтом долбоорлору шаардык Кеңеш тарабынан, мэрия каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынат».
11-главанын 11.16 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр кигизилирп толукталсын.
Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик тилде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомдорун жеткире иштөө үчүн, шаардык Кеңештин аппараты жети жумушчу күндүк мөөнөттө жол жоболоштурат.
Токтомдун өзүндө башка шарт каралбаса, токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Шаардык Кеңештин токтомдорунуну төмөнкү реквизиттери болууга тийиш.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби;
- Актынын түрүн көрсөтүү;
- Кабыл алынган орду жана күнү;
- Каттоо номуру;
- Токтомго кол коюуга өкүлдөгөн жактын колу;
- Гербдүү мөөр;
12-главанын 12.1 пунктунун бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи абзацы төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын:
Кезексиз сессияны чакыруу сунушу жазуу түрүндө, карала турган маселелерди көрсөтүү менен, кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу, шаардык Кеңештин төрагасына келип түшкөн күндөн баштап беш календарлык күндөн кечиктирилбестен чакырылат. Туруктуу комиссия шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча шашылыш тартипте кезексиз сессияга киргизилип жаткан маселени кароого милдеттүү.
Кезексиз сессияны дайындоо жөнүндө шаардык Кеңештин депутаттарына маалымдоо, кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө шаардык Кеңештин төрагасы чечим кабыл алган учурдан баштап, бир сутка ичинде жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда шаардык Кеңештин төрагасы, кезексиз сессияны чакырууга жана депутаттарга маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабай туруп, шашылыш түрдө маалымдоого укугу бар.
Кезексиз сессиянын күн тартибинин долбоору жана каралууга тийиш болгон материалдар шаардык Кеңештин кезексиз сессиясына чейин 2 (эки) күндөн кеч эмес, депутаттарга жана чакырылган адамдарга таркатылып берилет.
12-главанын 12.3.пунктчасынын акыркы абзацтары төмөндөгү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
- шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштурат жана аларды каттоону жана керектүү учурларда жарыялоону жүзөгө ашырат;
- аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттер жөнүндө бекитилген жоболорго ылайык башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат;
-шаардык кеңештин депутаттары, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жетекчилери, аппараттын кызматкерлерин бул Регламент жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аларга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн гана тарта алат;
12-главанын 12.7-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацы төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын:
«Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты шаардык Кеңештин сессияларын себепсиз калтырган учурда жана шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган үчүн, шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук татиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын кортунудусунун негизинде төмөндөгүдөй жазалар колдонулат».
1. Шаардык Кеңештин сессиясын бир жолу калтырган шаардык Кеңештин депутатына-
эскертүү берилет;
2. Шаардык Кеңештин сессиясын эки жолу калтырган шаардык Кеңештин депутатына -
сөгүш берүү;
3. Шаардык Кеңештин сессиясын үч жолу калтырган шаардык Кеңештин депутатына - каттуу сөгүш;
4. Төртүнчү жолу шаардык Кеңештин сессиясын себепсиз калтырган шаардык Кеңештин депутаты – шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүү;
Шаардык Кеңештин сессиясында, депутаттык ыйгарым укуктарын мыкты аткаргандыгы үчүн, шаардык кеңештин сессияларына дайыма катышкан, шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын талаптагыдай аткарган шаардык кеңештин депутатына «Жылдын мыкты депутаты», «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктар, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин «Жылдын Мыкты депутаты» наамын ыйгаруу Жобосуна ылайык белгиленет.
12-главанын 12.11 пунктунун акыркы абзацына төмөндөгү мазмунда толукталсын.
Кезексиз сессияда каралып жаткан маселе талаш-тартышты алып келсе, анда маселе тийиштүү туруктуу комиссиянын кароосуна берилет же кийинки кезектеги боло турган сессияга калтырылат.
13-главанын 13.2. пунктунун 10-пунктчасы менен толукталсын
10). «тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан чакыртып алганда»
14-главанын 14.1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөндөгү мазмунда толукталсын.
«Жергиликтүү кеңештин депутаты, кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзүнүн, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес».
14-главанын 14.2 пунтунун үчүнчү абзацы төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын.
«Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигинин бюджетин аткарылышын жана социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин аткарылышын караган учурда, сессияга катышып отурган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деп табуу, ал эми аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын аткарган иштери маалыматын укканда «жактырылысын» же «жактырылбасын» деп добуш берилет.
14-главанын 14.3 пункту төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын.
«Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим чыгарууда калыс калуу» берүү менен шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ. Шаардык Кеңештин депутаты өзүнүн добуш берүү укугун өзү ишке ашырат. Депутат ишеним кат же башка жол менен башка депутатка добуш берүү укугун өткөрүүсүнө жол берилбейт. Депутат берилген алган мандатына ылайык бир добушка ээ. Сырттан добуш берүүгө тыюу салынат».
V Бөлүмдүн 17-главасы «Шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби» 19-глава болуп өзгөртүлсүн.
17-глава «Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилеси» төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын.
17.1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу деп жергиликтүү шериктештиктин тургундарынын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрү түзүүчү аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу өз алдынча чечүү үчүн жашаган жерлеринде шаардын бөлүктөрү кварталдары боюнча өз алдынча уюмдашуусу түшүнүлөт.
Тийиштүү аймакта туруктуу жашаган же тийиштүү аймакта козголбос мүлккө менчик укугу бар жергиликтүү шериктештиктин мүчөсү калктын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүүгө (жалпы чогулушка, жыйынга, конференцияга) өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.
Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары кварталдар) органдары - булар аймакта жашаган жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн ыктыярдуу бирикмелери, алардын ишкердиги жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталат.
Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына(кварталдарга) микрорайондордун, турак жай комплекстеринин кеңештери жана комитеттери, көчөлүк, кварталдык жана ал аймактын калкы жергиликтүү шарттарына жана салттарына жараша түзүүчү башка органдар кирет.
17.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды оперативдүү башкарууну ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү уюштуруу максатында өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарда шаардык Кеңештин чечими боюнча квартал башчынын кызматы киргизилиши мүмкүн. Квартал башчысынын, адамдар менен иштей билиши жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү болушу керек.
17.3. Квартал башчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, жергиликтүү коомдоштуктун уставын, шаардык Кеңештин токтомдорун, ошондой эле типтүү жобону жетекчиликке алат.
17.4. Квартал башчысы тиешелүү калктуу конуштун жашоочуларынын жыйынынын макулдугу менен өзүнчө жайгашкан айыл тургундарынын арасынан ачык добуш берүү жолу менен шайланат.
17.5. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин сыйлоо максатында Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин фонддору болот.
17.6. Квартал башчысынын иш милдеттери жана укуктары Кыргыз Республикасынын «Айыл башчысы жөнүндө» жана «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Жобого ылайык жүргүзүлөт.
18-глава «Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо тартиби» төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын.
18.1. Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо жана ага ишебөөчүлүк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Артыков |