Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 3-апрели №8-7-2
«Майлуу-Суу шаарынын ӨӨБнын
2014-жылкы бюджетинин киреше
жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү
жөнүндө»
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бакалаев Р.К. жана шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Г.С. Райимбекованын маалыматтарын угуп талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бакалаев Р.К., шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Райимбекова Г.С. жана шаардык Кеңештин бюджет жана каражат туруктуу комиссиясынын 2014-ж. Майлуу-Суу шаарынын ӨӨБ бюджети боюнча маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын «ОАБнын финансы- экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамын эске алып, шаардын 2014-жылкы бюджетинин киреше бөлүгү 55084,3 миң. сом эсебинде бекитилсин, анын ичинде салык жана башка кирешелер 49784,3 миң. сом, атайын каражаттар 5300,0 миң.сом.
3. Майлуу-Суу шаарынын болжолу менен киреше жана ч ы г а ш а бөлүктө р ү 2015 жылына 60995,3 миң сом, жана 2016 жылына 68458,3 миң сом жактырылсын.
4. Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүн 2014-жылга 55084,3 миң сом эсебинде, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 5300,0 миң.сом бекитилсин.
5. 2013-жылкы бюджеттин калган акча каражатын 5294,6 миң сомду 2014- жылдын чыгашасына бекитилсин:
· бюджеттик каражат 5117,5 миң сом;
· атайын каражат 177,1 миң сом;
жана калган бюджеттик каражат (5117,5 миң сом) төмөнкүдөй жумшалсын:
- Шаардык мэриянын жумушчуларына айлык акысына кошумча катары 412,7 миң сом, шаардык Кенештин жумушчуланына айлык акысына кошумча катары 77,4 миң сом штаттык тизмесинин негизинде;
- «Горжилзеленстрой» мекемесинин жумушчуларына айлык акысына кошумча катары 1594,7 миң сом, штаттык тизмесинин негизинде;
- Шаардык мектептердин медайымдарына (1500 сомдон 9 окуу айына) айлык акысына кошумча 110,8 миң сом;
- Жылдык жыйынтык боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызмакерлерине жана мекемелерине сыйлык катары 114,0 миң сом;
- Жаңы ачылып жаткан №8 балдар бакчасынына эмерек алуу үчүн 1000,0 миң сом;
- Шаардык муниципалдык башкармалыгынын токой чарба боюнча башкы адисинин эмгек акысына- 83,9миң сом;
- Титулдук тизмесинин жумуштарына- 1724 миң сом;
- Социалдык коргоо мекемесинин жумушчуларына жол кире статьясына 218,0миң сом.
6. 2013-жылкы бюджеттен калган атайын каражаттан – 177,1 миң сомду чыгашага бекитилсин, анын ичинде;
- «Горжилзеленстрой» мекемесине- 35,7 миң сом;
- Шаардык билим берүү бөлүмүнө- 3,5 миң сом;
- ДЮСШ- 3,5 миң сом;
- Музыкалык мектепке- 5,3 миң сом;
- Маданият үйүнө- 14,2 миң сом:
7. Шаардык мэриянын штаттык тизмеси -47,0 бирдик жана жылдык акы айлык фонду 5502,9 миң сом менен бекитилсин.
8. «Горжилзеленстрой» мекемесинин бюджеттин эсебинен штаттык тизмеси -73,5 бирдик, жылдык акы айлык фонду 4986,1 миң сом, жана атайын каражат эсебинен 23,5 бирдик, жылдык акы айлык фонду 1578,3 миң сом менен бекитилсин.
9. 2014- ж. бюджеттин чыгаша бөлүгүндө кошумча штаттык сандар төмөнкүчө бекитилсин:
-- МСКБ салык инспектору – 3 штат..
10. Айлантма кассалык накталай акчанын суммасы 200,0 мин сом бекитилсин.
11. Майлуу-Суу шаарынын мэринин фонду, шаардын бюджетинин чыгаша бөлүгүн алганда 1% эсебинде 497,8 миң сом бекитилсин.
12. Майлуу-Суу шаарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн так жана сапаттуу аткаруу үчүн, шаардык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык финансы башкармалыгы, жана Майлуу-Суу шаардык салык кызматы, 2014-ж. арасында жергиликтүү бюджетке өз убагында тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине республикалык бюджетке тактоолорду жүргүзүп туруу сунушталсын.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.К.Бакалаевке жүктөлсүн.
Шаардык Кеңештин төрагасы: | Шадманов К.Т. |