Редакцияот 29.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылы 29-апрели №103/11-6

Депутаттардын Талас шаардык  кенешинин Төрагасынын 2013-жылы жана 2014-жылдын биринчи кварталында  аткарган иштеринин жыйынтыгы  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, 2012-жылдын 27-декабрындагы  № 1 сандуу токтому менен кабыл алынган Талас шаардык кенешинин Регламентинин II- бөлүм, 3-беренесинин негизинде  Депутаттардын Талас шаардык кенешинин  Төрагасынын  2013-жылы жана 2014- жылдын биринчи кварталында аткарылган иштерин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын  Талас шаардык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас  шаардык кенешинин Төрагасынын 2013-жылдагы жана 2014-жылдын биринчи кварталында аткарган иштери “канааттандырарлык” деп  табылсын.

2. Токтом шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын  укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

 

Төрага:

А.Джузупбеков