Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 7-майы №3
Шаардык мэриянын «2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каттары жөнүндө.
Шаардык мэриянын “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” боюнча кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 17 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 06.05.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” боюнча №03-1/601, 03-1/602 жана 03-1/607 кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү айыл чарбасына багытталбаган жерлерди сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен 219 908 (эки жүз он тогуз мин тогуз жүз сегиз) сомго жогорулатылып, өзгөртүү киргизилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 219 908 (эки жүз он тогуз мин тогуз жүз сегиз) сомго өзгөртүү киргизилип, төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
· №13 “Теремок” бала бакчасына АРИСтин ПГИБО программасы тарабынан түзүлгөн долбоордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен – 43 808 сом муниципалдык менчик департаменти аркылуу бөлүнүп берилсин;
· №9 “А.Осмонбеков” атындагы орто мектебинин ашканасына эмеректерди сатып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен – 162,0 мин сом билим берүү бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин;
· Шаардык “Шахтер” стадионунун суугатчысынын эмгек акысы үчүн – 12,0 мин сом жана соц.фондко чегерүүсү үчүн – 2100 сом, жалпы – 14 100 сом дене тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин.
1. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
2. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |