Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 7-майы №4
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө».
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 17- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Ата Журт” саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык Кенешине депутат Конкобаев Таалайбек Тажиматовичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. “Ата Журт” саясий партиясынан депутат Кулдышев Болотбек Сагынбекович шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысы М.Сариевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |