Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 7-майы №5
«Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын
ыйгарым укуктары жөнүндө».
Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Н.Карапашованын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезексиз 17 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Н.Карапашованын маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин депутаты “Ата Мекен” саясий партиясынан Кожонов Азимжан Абдимаметовичтин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынан “Ата Мекен” саясий партиясынын тизмеси боюнча кийинки талапкерди аныктап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |