Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №177
Ишмердүүлүгүн акы төлөнүүчү
негизде жүзөгө ашыруучу туруктуу
депутаттык комиссиялардын
төрагалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна ылайык, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жана бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагалары ишмердүүлүгүн акы төлөнүүчү негизде алып барышсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
4. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ош шаардык Кенешинин төрагасы: |
У.Примов |