Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-сентябры № 149
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 419 буйругу менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын мэри М.М.Мукумов ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 8-сентябрындагы № 193-р буйругу менен Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Алымбаев Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалгандыгынын негизинде жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 47 буйругу менен Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж.Арпачиев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 жана № 424 токтомдору менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө", "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 13-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кадамжай, Жайыл, Тоң аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|