Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-январы № 4-б
2009-жылдын 14-23-январында Берлин шаарында (Германия Федерациялык Республикасы) жыл сайын өтө турган «Зеленая неделя 2009» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн:
Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда жиберилсин:
Ногоев А.И.* - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, делегациянын жетекчиси;
Аалиев А.К.* - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Абдыкеримов Ш.Ш.** - «Кыргыз агроөнөр жай корпорациясы» ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
Арабаев А.А.* - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ашимов Т.А.* - «Райфайзинг» кооперативдерди өнүктүрүү фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Баатырбеков А.Б.** - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Бакиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Германия Федерациялык Республикасындагы Толук жана Ыйгарымукуктуу элчиси;
Масиров К.М. * - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Пак Е.В.* - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылыштыпайдалануу бөлүмүнүн эксперти;
Сыйданов К.С.* - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Шатманов К.А.** - «Кыргызтамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
Эскертүү:
* делегация мүчөлөрүнүн баруусуна жана жашоосуна байланыштуу чыгымдар Герман техникалык кызматташтык коомунун эсебинен, суткалык чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнөт.
** делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
Премьер-министр | И.Чудинов |