Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-августу № 432-б
Бишкек шаарында транспорт түйүнүн кеңейтүү, Ю.Фучик атындагы паркты реконструкциялоо максатында, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- тарыхый-маданий мурастардын сакталышын жана Ю.Фучик атындагы парктын аймагында тиешелүү эстеликтерди жаңы жерлерге которууну камсыздоо менен Ю.Фучик атындагы паркты иштеп чыгарылган долбоорго ылайык реконструкциялоого;
- Ю.Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин жөө жүрүүчү-транспорттук кыймылын уюштуруу менен Ю.Фучик атындагы парктын аймагына реконструкция жүргүзүү долбоорун иштеп чыгууга.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэриясы Ю.Фучик атындагы паркты реконструкциялоого жана Ю.Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин жөө жүрүүчү-транспорттук кыймылын уюштурууга байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине, жер участогуна укук ырастоочу жана укук белгилөөчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Долбоорду иштеп чыгуу жана Ю.Фучик атындагы паркты реконструкциялоо, Ю.Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин жөө жүрүүчү-транспорттук кыймылын уюштуруу Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|