Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 5-сентябры № 445-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин Россия Федерациясынын Москва шаарында 2008-жылдын 11-14-сентябрында етө турган кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынан делегация төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасынын КМШнын Экономикалык кеңешиндеги өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Аманова Сапия Жунаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Набитаева Элмира Үсөновна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы.
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине Кыргыз Республикасынан делегациянын катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|