Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 5-сентябры № 448-б
Польша Республикасынын Крыница шаарында 2008-жылдын 10-13-сентябрында болуучу XVIII эл аралык экономикалык форумунда Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Алапаев М.О. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Балкибеков С.Э. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри;
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Касымов Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директору;
Слепченко С.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөө эл аралык институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Иманалиева Л.А. - Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Курумбаев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык мекемелер бөлүмүнүн кеңешчиси;
Новиков А.Э. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын башкы адиси.
2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын өкүлдөрүнүн баруу, жашоо жана тамактануу боюнча бардык чыгымдарын чакыруучу тарап өзүнө ала тургандыгы эске алынсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|