Редакцияот 05.09.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2008-жылдын 5-сентябры № 449-б

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн суу-энергетикалык жана айыл чарба тармактарынын жетекчилеринин 2008-жылдын 9-10-сентябрында Алматы шаарында боло турган кеңешмесине катышуу үчүн:

1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:

Балкибеков С.Э. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, комиссиянын жетекчиси;

Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Давыдов И.А. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Жаныбеков Б.Р. - "Кыргызстан Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун КДЦнын начальниги (макулдашуу боюнча);

Жусуматов Э.Ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу чарба Департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары;

Зырянов А.Г. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун эксплуатация жана ремонт департаментинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Калкабаев М.Д. - "Кыргызстан Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун техникалык борборунун начальниги (макулдашуу боюнча);

Кемелова Д. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин укук бөлүмүнүн башчысы;

Кошматов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу чарба Департаментинин башкы директору;

Мырзаканов К.Н. - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Ногоев А.И. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;

Оморов М.О. - Аралды сактоо Эл Аралык Фондунун аткаруучу дирекциясынын директору (макулдашуу боюнча);

Рахманов П.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

2. Жумушчу комиссия мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов