Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-сентябры № 451-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмелери боюнча жакыр үй-бүлөлөрдү рыноктук баадан арзан ун менен толук камсыздоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик резервден 2500 тонна аштык буудайдын данын брондон чыгарсын;";
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик резервден брондон чыккан 2500 тонна аштык буудайдын данын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругу боюнча брондон чыгарылган аштык буудайдын калдыгынан тартылган ундун эсебинен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмелери боюнча бир үй-бүлөгө 25 кг эсепте ун облустарга, райондорго, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жеткирилишин камсыздасын;".
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|