Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-сентябры № 453-б
Мамлекеттик имараттарды жана жайларды эсепке алуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте бошогон бардык мамлекеттик имараттардын жана жайлардын техникалык абалын изилдөө жана баа берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасынан жумушчу комиссиясын түзсүн жана Комиссияга төмөнкүлөрдү 2009-жылдын 1-январына чейин аткарууну тапшырсын:
- санын жана абалын борбордоштуруп контролдоону ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын региондоруна карата бошогон мамлекеттик имараттардын жана жайлардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну;
- бошогон мамлекеттик имараттарда жана жайларда мамлекеттик органдарды натыйжалуу жайгаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|