Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-сентябры № 456-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2008-жылдын 23-25-сентябрында болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 56-заседаниесине жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин 41-заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Узакбаев Эмилбек* - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча),
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси,
Суранчиев Абдулда Шергазиевич* - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча),
Усупов Үсөн Макаевич** - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ЕврАзЭС маселелери боюнча кеңешчиси,
Ибраимова Чинара Искендеровна** - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги,
Кочконов Казыбек Маматкасымович** - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин биринчи секретары,
Кенжекулова Замира Самидиновна - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин атташеси.
2. Делегация мүчөлөрүнүн көрсөтүлгөн заседаниелерге катышуусуна байланыштуу чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
* - командировка мөөнөтү 2008-жылдын 24-26-сентябры,
** - командировка мөөнөтү 2008-жылдын 22-26-сентябры.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|