Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 12-сентябры № 460-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структуралык подразделениелерин жайгаштыруу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук подразделениенин балансында турган, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү дарегинде жайгашкан, номерсиз эки кабат администрациялык имаратты, 570 кв. м аянттагы жер участогу менен Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад аймактык подразделениенин балансында турган, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Кашкин кыска көчөсү, 6"а" үй дарегинде жайгашкан мурдагы бала бакчанын эки кабат администрациялык имаратына жанындагы аянты менен кошо алмашууга уруксат берилсин.
2 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте баалоону жана алмаштырууну ишке ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча жыйнак реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3 Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|