Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 12-сентябры № 461-б
М.Адышев атындагы Ош технология университетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы Жеңижок көчөсү, 9 дарегинде жайгашкан М.Адышев атындагы Ош технология университетинин бүтпөй калган курулуш объектисин белгиленген тартипте сатсын.
2. Көрсөтүлгөн объектини сатуудан түшкөн акча каражаттарын зарыл жабдууларды сатып алуу үчүн М.Адышев атындагы Ош технология университетинин эсебине которулсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|