Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-сентябры № 463-б
Камбарата-2 гидро электр станциясынын биринчи агрегатын ишке киргизүү боюнча курулушту жетиштүү көлөмдө каржылоону жана натыйжалуу курууну камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Камбарата-2 гидро электр станциясынын курулушу үчүн 2008-жылга бюджеттин сарптоо бөлүгүнөн 300,0 млн. сом суммада кошумча финансылык каражат тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|