Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008 – жылдын 15-сентябры № 466-б
Мамлекеттик администрациялык имараттарды ирээтке келтирүү жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан натыйжалуу пайдалануу максатында:
Кыргыз Республикасынын Жорогрку соту белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Аскер сотун жана Бишкек гарнизонунун Аскер сотун жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Сотдепартаментинин оперативдүү башкаруусуна Бишкек шаары,М. Жунусалиев көчөсү, 171 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратты өткөрүп берсин.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты белгиленген тартипте кабыл алуу – өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-майындагы №295-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|