Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-сентябры № 469-б
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн суу-энергетика жана айыл чарба тармактарынын жетекчилеринин 2008-жылдын 18-19-сентябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында боло турган кеңешмесине катышуу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
Балкибеков С.Э. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, комиссиянын төрагасы;
Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кошматов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору;
Сарыбаева Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Давыдов И.А. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Зырянов А.Г. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун эксплуатация жана ремонт департаментинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Калкабаев М.Д. - "Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун техника борборунун начальниги (макулдашуу боюнча);
Мырзаканов К.Н. - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|