Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 19-сентябры № 473-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана инфраструктураларын өнүктүрүүнүн мастер-планын иштеп чыгуу" кыргыз-австрия долбоорун түзүү жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасына тике инвестицияларды тартуунун жаңы натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Айжигитов С.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, жумушчу топтун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Медеров С.О. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Салянова А.Ж. - статс-секретарь Министерства юстиции Кыргызской Республики;
Жумабеков М.Д. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ибраимов Э.С. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Исаков Ж.Ы. - Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Карашев А.А. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мамасадыков Р.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Рахманов П.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2008-жылдын 31-декабрына чейин "Pan Plan GmBH" жана "Alaris AG" австриялык компаниялардын катышуусунда "Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана инфраструктураларын өнүктүрүүнүн мастер-планын иштеп чыгуу" кыргыз-австрия долбоорун түзүү жана ишке ашыруунун укуктук негизин жөнгө салуучу сунуштардын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте өзүнүн ишине тиешелүү адистерди тартууга, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|