Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 19-сентябры № 474-б
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Эл-журт фондусунун (мындан ары - ЮНФПА) арызынын негизинде Кыргызстандагы ЮНФПА тарабынан грант түрүндө техникалык жардам катарында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине бериле турган, 2000-жылы чыккан, кузов № VSKTYUR 20U0439903, кыймылдаткыч № 0046233 "Ниссан-Террано II" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде белгиленген тартипте тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтому менен белгиленген лимиттин чегинде белгиленген тартипте балансына алуу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|