КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 19-сентябры № 476-б
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорт бирикмесине "Машиналар жана жабдуулар" статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн бир жеңил автомашинаны белгиленген лимиттин чегинде сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|