Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 23-сентябры № 479-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ош облусунун Ноокат шаарындагы "Бакыт Үйү" жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратынын долбоордук-сметалык документтерин атайын каражаттардын жана демөөрчүлүк жардамдын эсебинен даярдоону камсыздоого жана Ноокат шаар башкаруусунун 2008-жылдын 5-июнундагы № 22-5 токтому менен берилген жер участокто курулушун белгиленген тартипте ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын курулушу бүткөндөн жана пайдаланууга белгиленген тартипте кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча жыйынды реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|