Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 25-сентябры № 485-б
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн офисинде 2008-жылдын 26-сентябрында болуучу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү Кошумча" гранттык долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында:
1. Азия өнүктүрүү банкы менен "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү - Кошумча" гранттык долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы;
Байло Н.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Ногоев А.И. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Муллакелдиев Н.М. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айылды суу менен камсыздоо департаментинин директору;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы финансылык жардамдар башкармалыгынын начальниги;
Сарыбаева С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин бөлүм башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|