Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 25-сентябры № 490-б
«ЦАРЭС 1 жол коридорун жакшыртуу (Бишкек-Торугарт автожолу)» долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамада бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси.
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегациянын жетекчисинин орун басары,
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,
Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары,
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы,
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин терагасы (макулдашуу боюнча),
Иминов М.С.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча жыйынтык документтерге (Гранттык макулдашуунун долбоорун кошпогондо) кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|