Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-октябры № 500-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 13-июнунда кабыл алынган "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды кароо максатында:
1. "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата мамлекеттик бийлик органдарынан жана башка уюмдардан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Турсунбек Акун - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы), жумушчу топтун төрагасы (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Масалиев И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Тарбинский О.С. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Исаев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн
укуктук талдоо жана экспертизалар секторунун башчысы.
2. Жумушчу топ "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды бир айлык мөөнөттө карасын жана кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тиешелүү адистерин белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун иш-аракетин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) Аппаратына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|