Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-октябры № 502-б
Ислам өнүктүрүү банкынын жана Араб координациялык тобунун жетекчилигинин катышуусу менен Бишкек шаарында 2008-жылдын октябрынын үчүнчү декадасында "тегерек столду" даярдоо жана өткөрүү үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ибраимов Э.С. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Боконтаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ 2008-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө "тегерек столду" өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин, "тегерек столду" өткөрүү программасын жана чет өлкөлүк делегациялардын келүү программасын иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, техникалык жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
4. Жумушчу топтун жетекчисине республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилери менен адистерин ведомстволор аралык жумушчу топтун компетенциясына кирүүчү маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|