Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-октябры № 504-б
Ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полициянын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жаза-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын аскер кызматчыларына, катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсия дайындоонун, төлөөнүн жана индексациялоонун тартибин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Миңбаева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Темирбеков М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Турдумалиева Д.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги;
Мамидинова Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иш-аракетин координациялоо боюнча борборунун директору;
Ашималиева Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсияларды дайындоо боюнча департаментинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Эрматов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти;
Кутубаев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин пенсиялык бөлүмүнүн начальниги;
Жапаркулова М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын пенсиялык жана социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Худайбердиев С.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин пенсиялык бөлүмүнүн начальниги;
Мамбеталиева М.У. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;
Кулов К.А. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын финансылык-экономикалык башкармалыгынын пенсиялык бөлүмүнүн начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу;
Гапко В.И. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын финансылык-чарбалык башкармалыгынын пенсиялык тобунун улук инспектору;
Погожева И.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Сапарова Р.Ж. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин финансы бөлүмүнүн башкы инспектору;
Келдибеков Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полициянын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жаза-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын аскер кызматчыларына, катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсия дайындоонун, төлөөнүн жана индексациялоонун тартибин өркүндөтүү жөнүндө нормативдик укуктук актылардын долбоорун 2008-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды, анын ичинде эл аралык эксперттер менен консультанттарды ишке тартууга, убактылуу эксперттик топторду түзүүгө уруксат берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-аракетин жалпы уюштуруучулук-методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|