Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-октябры № 508-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымын өткөрүүчү күн - Кыргыз улуттук Ленин ордендүү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 2008-жылдын 5-октябрында саат 10.00дө;
- сөөк коюучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
4. М.М.Миррахимовдун, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|