Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-октябры № 508-б
Академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. Сөөк коюуну даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) түзүлсүн:
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Алдашев А.А. - академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы молекулярдык биология жана медицина илимий-изилдөө институтунун директору;
Алымкожоев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысы (макулдашуу боюнча);
Бектеналиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
Жумагулова А.С. - академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору;
Жоробекова Ш.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Осмонов Б.С. - Кыргыз улуттук Ленин ордендүү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Субанов Т.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору.
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымын өткөрүүчү күн - Кыргыз улуттук Ленин ордендүү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 2008-жылдын 5-октябрында саат 10.00дө;
- сөөк коюучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы маркум менен коштошуу ырасымын өткөргөн убакта ардак караулдун катышуусун камсыз кылсын.
4. М.М.Миррахимовдун, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-октябры № 508-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымын өткөрүүчү күн - Кыргыз улуттук Ленин ордендүү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 2008-жылдын 5-октябрында саат 10.00дө;
- сөөк коюучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
4. М.М.Миррахимовдун, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|