Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-октябры № 517-б
Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин башчыларынын жана Евразиялык Экономикалык Шериктештиктин саммити өткөрүлөөрүнө байланыштуу, "Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" автомобилдик жолун даярдоо жана тийиштүү түрдө жасалгалоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине макулдашуу боюнча Кез каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин жана Евразиялык Экономикалык Шериктештиктин эмблемаларын жана ураандарды жасатсын жана "Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" автомобилдик жолунун тышкы жарыктандыруу түркүктөрүнө жана жарнамалык такталарга таксын;
- автопавильондорго, жөөлөр үчүн жер астындагы өткөөлдөргө ремонт жүргүзсүн, актап жана сырдатсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашылган дислокацияга ылайык жол бетине белгилерди жайгаштырсын;
- иш-чараларга байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2008-жылга бекитилген сметасынын чегинде төлөсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясынын негизинде, иш-чаранын маанилүүлүгүн жана убакыттын аздыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумуштарды бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|