Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-октябры № 518-б
2008-жылдын 9-10-октябрында Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) жана Евразия Экономикалык Шериктештигинин (мындан ары - ЕврАзЭС) мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумун, ошондой эле КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумун өткөрүүгө байланыштуу маселелерди оперативдүү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 19-главасына, 217-статьясына, 239-статьясынын 3-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети КМШга мүчө мамлекеттердин делегациялары алып кирүүчү товарларга, жабдууларга жана техникаларга жөнөкөйлөтүлгөн тартипте "Убактылуу ташып келүү" бажы режиминде бажы алымдарын, салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн толук шарттуу бошотуу менен бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|