Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-октябры № 519-б
Ош облусунун Алай районунда 2008-жылдын 5-сентябрында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында:
1. Жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан ар бир адамга 5000 (беш миң) сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясы берген тизмеге ылайык бир жолку материалдык жардамды төлөп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жабыркаган бир үй-бүлөгө 50 кг унду эсептегенде азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана ун тартсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө аталган унду жеткирүүнү уюштурсун.
5. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жабыркаган ар бир үй-бүлөгө 3 тонна эсебинде катуу отунду (көмүрдү);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте табигый кырсыктан жабыркагандардын тизмесин тактоону;
- жабыркагандардын такталган тизмесине ылайык унду бөлүштүрүүнү.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө каражаттарды республикалык бюджеттен издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Жарандык-турак жай курулуш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясы берген тизмеге ылайык жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө турак жай курууга мамлекеттик субсидия берүү үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени чечсин;
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү катуу отун (көмүр) менен камсыз кылуу үчүн каражат бөлүп берсин;
- ушул буйруктун 3-пунктуна ылайык брондон чыгарылган азык-түлүк данынын запастарын толтуруу, ошондой эле буудай данынан ун тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке 2008-жылга республикалык бюджетте каралган чекте зарыл акча каражаттарын бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде унду дайындалган жерине жеткирүүнү уюштуруу үчүн зарыл акча каражаттарын бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте кийин киргизүү менен жогоруда аталган иш-чараларды өз учурунда каржыласын.
7. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер титирөөнүн кесепетинен үйлөрү бузулган тургундардын документтерин көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөөнү албастан калыбына келтирүүнү камсыз кылышсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|