Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9- октябры № 522-б
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин 2006-жылдын 21-декабрындагы № 1 чечими менен жактырылган, Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү докладын Женева (Швейцария) шаарында Аялдарга карата басмырлоону жоюу жөнүндө БУУнун комитетинин 42-сессиясына 2008-жылдын 21-25-октябрындагы мезгилде берүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынан делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Назаров О.П.- Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин
төрагасы, делегациянын жетекчиси макулдашуу боюнча),
Ташпаева Н.А.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жооптуу катчысы,
Мамбеталы Жаңыл- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы (макулдашуу боюнча),
Сагынбаева Д.З.- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын начальниги,
Алтымышева А.Д.- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү секретары,
Жумалиев М.К. - Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү,
ИсакуноваТ.*- Гендердик маселелер боюнча эксперт(макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Женева (Швейцария) шаарына Кыргыз Республикасынан делегациясынын барышына жана анда болушуна байланыштуу уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
3. Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча БУУнун комитетинин 42-сессиясынын ишине Кыргыз Республикасынан делегациясынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар «Командировкалык чыгамдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
* Кыргыз Республикасынан делегация мүчөсүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук ишаракеттер планын ишке ашырууга каралган каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|